Равшан ЭРАТОВ: «Адамдар диний баалуулуктардан да дүйнө буюмун ашыкча сүйүп баратат»

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 19 сен 2024
  • 25 жылдык маараке...
    Кечээ, 22-январда, Бишкектеги «Novotel» мейманканасында дин тутуу эркиндигинин күнүнө жана «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин 25 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештеги «Ыйман Нуру» фракциясынын депутаты Динара Ашымова, БУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Гүлназ Исаева, Акыйкатчынын бөлүм башчысы Бурул Турдуева, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Равшан Эратов, Кыргызстан жана Бишкек епархиясынын, Кыргызстан католикалык чиркөөсүнүн өкүлдөрү катышып, сөз сүйлөп, "Мутакалим" коому менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткандарын жана бул коом 25 жыл аралыгында бир топ ийгиликтерге жетишкендиктерин баса белгилеп, мааракеси менен куттукташты.

Комментарии •