Жаңылсынзат ТУРГАНБАЕВА: “Кандай жашап өтсөң, сени көргөндөр ошондой эскеришет”
HTML-код
- Опубликовано: 10 фев 2025
- “Ой медиа” каналынын “Менин дүйнөм” рубрикасынын бул жолку каарманы - “Супара” этнокомплексинин ээси Жаңылсынзат ТУРГАНБАЕВА.
“Шоро” ишканасын түптөгөн Таабалды Эгембердиев менен “Супара” этнокомплексинин ээси Жаңылсынзат Турганбаева кыргыз коомчулугунда ары сыймыктуу, ары үлгүлүү жубайлардан болушкан.
Таабалды ага арабыздан өтүп кетсе да, артында калган бүлөсү - анын ишин улап, дагы өркүндөтүп, улам бир саамалык жараткандан чаалыкпаган жан. Өзү жетектеген көз жоосун алган комплекс сырттан келгендерди айран таң калтырып, жергиликтүү элди сыймыкка бөлөйт. Кыргыз шоколады, “Кыргыз сонундугу” тез татымынын да “арышы” кең.
Булар менен гана чектелбестен, Таабалды Эгембердин керээзин аткарып, музей да ачууга үлгүрдү. Кезинде китеп жаза албай калганын арман кылса, артында калган жубайы анын калем тамчыларын топтоп, өзгөчө эки томдук чыгарды. “Табыкем, мен сага ыраазымын” деп кайталагандан жазбайт Жаңылсынзат айым. Рубриканын алкагында каармандын дүйнөсүнө “саякат” жасап, анын кусалык, сагыныч, ошол эле учурда ыраазычылыкка толгон ойлорун тыңдадык.
Журналист Айнагүл Сапарбек кызы