Жан дүйнө “Депутат жан дүйнөмдү тоңдуруп кетти“
HTML-код
- Опубликовано: 29 сен 2024
- "Көптөн күткөн шайлоо да өттү. Партиябыз баарыбыз күткөндөй көп мандат алган жок, бирок менин жигитим депутат болду. Сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. Асманда эле учуп калдым. Ал экөөбүз эми баягыдай бир имаратта иштебейбиз, Бактияр депутат да Ак Үйдө отурат. Бир жолукканыбызда анын мага мамилеси бир аз салкындагансып калыптыр. Андан көп өтпөй анын үйлөнгөнүн уктум. Аман болсун депутат дегенден башка эч нерсе дей алган жокмун. Адамдын көңүлү менен ойноп, жан дүйнөсүн тоңдуруп кете бериш ал үчүн кумурска өлтүргөндөн да оңой экенин түшүнгөндө эркектердин баарынан коркуп кетем".