Salidinas - “Мен ыраазымын” Премьера песни 2020
HTML-код
- Опубликовано: 10 ноя 2020
- Созу: Акбар Кубанычбеков
Обону: Мыктыбек Нурланбеков
“Мен ыраазымын”
Таңдарды бир тосконум,
Багыма нур кошконум.
Кечимди жарык кылып,
Ай болуп сен коштодуң.
Табылган эң кымбат табылгам өзүң болуп,
Жүрөк толуп.
Тамшантып махабат булагын өмүр сунуп, көңүл жылып.
Кайырма:
Мен ыраазымын ак сүйүүгө жолуктурган,
Окшошуп ойлорум бүтүн көз карашым.
Мен ыраазымын чын бакыттын жолун курган,
Жашоомдун кызыгын жалгыз сага арнадым, арнадым.
Жан дүйнөм гүлгө айланып,
Жаныңда күндөй жанып,
Арзышып өтөлү биз,
Бүтпөгөн ырга айланып.
Көргөндө бүтүндөй айланам өзгөрүлгөн көздөрүңдөн.
Ишенич кадамдар сен жакка жетелеген, жетеленем
Керемет!!!!!
👍👍👍
Мен ыраазымын чын бактымды жолуктурган...
Чыгармачылык игилик сага сулуу
Козу сонунда ушул кыздын, козу жагат мага
Почему у неё так мало поклонников?