Андарак айлында бөгөлгөн жол ачыла элек

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 15 ноя 2024
  • Лейлектин Андарак айлында бөгөлгөн жол ачыла элек.
    Мындай маалыматты Салам радиосуна Баткен ОИИБнын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. Кечээ 3-июнь куну саат 14.20лар чамасында Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Искра айылында тажик улутундагы атуулдардын айыл аймактын балансында турган жерге мыйзамсыз курулган уйлорун бузулушун талап кылган жергиликтүүлөр Исфана-Андарак жолун тосушкан. Искра айылынын кире беришиндеги жол тосулган жерде эки улуттун элдери жыйнала баштаган. Жыйынтыгында Исфана-Андарак, Андарак-Исфана багыты боюнча автоунаалар токтотулган. Жыйналган элге жергиликтуу бийликтин окулдору менен биргеликте Лейлек РИИБнун жетекчилиги келип тушундуруу иштерин жургузушкон. Бул тушундуруу иштеринен жыйынтык чыкпаган сон, Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги А.Аширалиевдин буйругу менен милиция кызматкерлерине кошумча куч тартылган. Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Искра айылында жолду тун ичинде тосуп турушкан кыргыз жарандары тажик улутундагы жарандарга ижарага берилген жер тилкесине курулган уйду бузабыз деп жоногон учурда коопсуздукту сактап турган милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Азыркы тапта чогулуп турган эки элдин коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында милиция кызматкерлери кучотулгон тартипте кызмат отошуудо. ал эми Лейлек районун акими Баймурат Бекмуратов салам радиосуна бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
    Бизди соцтармактардан көрүңүз:
    ОК:ok.ru/profile/...
    FACEBOOK: / batkensalammedia
    INSTAGRAM: / salam_media_batken

Комментарии •