#Элмирбек

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 14 окт 2024
  • "Балкыма"
    Сөзү : Мирлан Самыйкожонуку
    Обону : Элмирбек Иманалиевдики
    Сезимим чочуй баштады,
    Сен кетчү тарап башкабы?
    Күбүлүп түшүп жалбырак,
    Күтпөйбү жазды баштагы.
    Эх, мезгил токто шашпачы,
    Эргүүмдү күбүп какпачы.
    Таң болуп келген сүйүүмдү,
    Чиркин, талкалап салбай сактачы.
    Тагдырда бар да айрыма,
    Таалайсыз кылып кайрыба.
    Жок кылгым келбейт эч качан,
    Чиркин, жомоктон мени айрыба.
    Дабышын укпай жүрөктүн,
    Далайдан бери жүдөпмүн.
    Кыйноого салып жанымды,
    Чиркин, кыйкырык салып сүрөпмүн.
    Көргөндө көзүм ачылды,
    Көксөгөн демим басылды.
    Жоодурап турган жамалың,
    Оо, балкым, жомокко мени чакырды.
    Жан дүйнөм балкып кубанды,
    Жакшы сөз, балким, угамбы?
    Жолуңуз башка деп айтып,
    Жүрөктү кылба уранды.
    Айласын таппай жанымдын,
    Алыска кетсең сагындым.
    Ызгаарын көрүп кусанын,
    Ысыгын сездим жалындын.
    Мейли, назары түшсүн жакшынын,
    Нурдансын жаркып жаштыгың.
    Тапшырдым көрүп койгун деп,
    Оо, балкым, таңына сени Аксынын.
    Сен бирок ичтен чыйрал да,
    Сүйүүңдү мага ыйгарба.
    Сооротуп жашат жөн гана,
    Сен мендей болуп кыйналба.
    Чок түшкөн өңдүү көсөлөм,
    Чочуба баарын көтөрөм.
    Батына албайм эч качан,
    Оо, чиркин, бар болгон үчүн көшөгөм.
    Сен болсо эркин уларсың,
    Зоокадан сайрап турарсың.
    Башкалар такыр түшүнбөс,
    Оо, балкым, боздогон үндү угарсың.
    Андайлар көптүр айылыңда,
    А бирок үндүү айрым да.
    Обдулса дагы жүрөгүң,
    Ошондо дагы кайрылба!
    Кандай жан болдум мен деги,
    Келбе деш оңой нерсеби,
    Кысылтып сени өзүмдөй,
    Кыйнагым келбейт мен сени.
    Сага эчак бакыт кезиккен,
    Сен деген жанды эшиткем.
    Сени эмес эми ар качан,
    Оо, балкым, сүйүүмдү жектейм кечиккен!
    Сени эмес эми ар качан,
    Оо, балкым, сүйүүмдү жоктойм кечиккен!

Комментарии • 42

  • @А.Т.А-ш2л
    @А.Т.А-ш2л Год назад +22

    Эмне деген залкар мыкты коп таратуу талант элен ич ачышат айла жок жаткан жерин жанат болсун

  • @БолушайымБегматова

    Бейиштин сегиз эшиги ачык болсун ,элибиздин атак данктуу адамы эле

  • @Nuriza-ly4wd
    @Nuriza-ly4wd Год назад +6

    Аллах таалам бейиш бакчасынан орун берсин аяабай жагатда

  • @user-pretty79
    @user-pretty79 Год назад +20

    Башка уй-булоо, тунт токой, кандай болсо да, залкар элмирбек, залкардын бири эле, жандары нурдансын, сооктору агарсын! Бул дүйнөдөн жетпеген, кыялдарына, ошол Кайып дуйнодон жетишсин! Кыргыз асвл адамдары, асвл элестери, асвл ырлары менен биздин жүрөгүбүздө!

    • @nurlanjamalidinov2665
      @nurlanjamalidinov2665 Год назад +1

      Элмирбек элдик адам элең сагындымк куса болдук азыр да кайгырып отурабыз жайың жаннаттан болсун залкар эсил иним😭😭😭

  • @МайрамОмуралиева-з5ч

    Бейиштен орун берсин! Кандай Гана Адам уну олумго эч кыйбайсын дагы да жашаса эмне чиркин ырларын угуп ыйлайсын? Балдары Аман эсен чонойсун! Самый Кожонун ыры экен.создору кандай маанилуу!

  • @ЛулшатМырзакеева
    @ЛулшатМырзакеева Год назад +36

    Иии ,Элмирбек кайраным ааай....Гулбу айымга арнаган экен...суйуунор ушундай кучтуу экен,ээрчишип кеттинер.... Аллахым бейиште ээрчишип жургуло !!!

    • @ЛулшатМырзакеева
      @ЛулшатМырзакеева Год назад +2

      Таштап турмушка чыгып кеткен жок,эки кызын тарбиялап сонун эле болуп жургон,автору ким болсо да аткаруучу Элмирбек Иманалиев....Нооруз майрамыныз менен,Тургунбек мырза!!!

    • @ЖаннаАбдыразаккызы
      @ЖаннаАбдыразаккызы Год назад +6

      @@ЛулшатМырзакеева Ачык турмушка чыкпаса да ойношу менен чыгып кеткен деп Элмирбек гезиитке.берген интервиююсунда

    • @ЛулшатМырзакеева
      @ЛулшатМырзакеева Год назад +8

      Откон адамдын аркасынан соз кылбай эле койсонор, Аллахым бак берсин сизге!!!

    • @ЖыпарКунасова
      @ЖыпарКунасова Год назад +5

      Журокту сыздатып, муун-жулунду бошотот го

    • @АделинаСамсунгсамсунг
      @АделинаСамсунгсамсунг Год назад

      Суйуусу болбосо уулдары кайдан торолот эле,тиги бу деп эле айта беришет

  • @ВенераБаястанова-л9и

    Бул ыр Гулбуго кана арналган Аксынын шамалына тапшырдым деп жатат ко. Жаткан жерлери бейиш болсун кайрандар ото окунучтуу.

    • @Тимуржоробаев-б9и
      @Тимуржоробаев-б9и Год назад

      Жок,жаш кызга ашык болуп чыгарган ыр.Шекербек айтып журот ко троллейбустан коруп уйуно чейин барганбыз деп.

    • @ЛулшатМырзакеева
      @ЛулшатМырзакеева Год назад +4

      Ооба,Гулбуго гана арналган!!!

    • @АйзатБайысова
      @АйзатБайысова Год назад +5

      Бул ырдын сөзү Мирлан Самыйкожо жазган деп жатпайбы,обону Э.Иманалиевге таандык.

    • @ВенераБаястанова-л9и
      @ВенераБаястанова-л9и Год назад +5

      @@АйзатБайысова Аксыда кыздар коп бирок Эльмирбек Гулбуго кана арналган ыр экенин билем как досу айылдаш кошунасы катары

    • @ЧинараСулейманова
      @ЧинараСулейманова Год назад +2

      Биринчи аялы Аксыдан

  • @ЛулшатМырзакеева
    @ЛулшатМырзакеева Год назад +17

    Батына албайм эч качан,Бар болгон учун кошогом ....

  • @ЭлимеМедиа
    @ЭлимеМедиа Год назад +22

    Созу да обону да мыкты. аткаруучу Элмирбек Иманалиев сонун

  • @АскербекКайназарова

    Акын туура кылган. Артында тукумун улай турганы бар

  • @Гулзат-в8о
    @Гулзат-в8о Год назад +2

    Атинай бул жашоо кандай кана окунучтуу Гулбубуну катуу суйуптур чогуу болгула тиги дуйнодо

  • @узгенкабар
    @узгенкабар Год назад +10

    Кимге. Арналса. Да. Олуп. Калганы. Ото. Окунучтуу. Атттин. Арман. Атттин. Ай

  • @МиргулОрозобекова-о5н

    Тиге арнаган,буга арнаган деп айтуунун эч кажети жок. Чыгармачыл адамдар түрдүү жанрда аткарышат. Сөзсүз эле бирөөнү сүйүп калып ырдашпайт. Р Абдыкадыровдун ырлары деле сүйүү темасына арналган.

  • @КлиегтКлиеньов
    @КлиегтКлиеньов Год назад +14

    ЗАЛКАРДЫН АРТЫНДА УЧ УУЛУ БАР.
    ИЧИНЕН БИРИ ЭЛМИРБЕКТИ ТАРТАТ ЧЫГАР. ЭКИНЧИ ЖУБАЙЫ ЭСТУУ ЖАН, БАЛДАРЫН ТАТЫКТУУ ТАРБИЯЛАП ЖАТАТ. БАЛА ЧАКАСЫ МЕНЕН БАКТЫЛУУ ОМУР СУРСУН.
    ЭМИ

  • @gulnuraabdyldaeva6354
    @gulnuraabdyldaeva6354 Год назад +9

    Самыйкожо да сөзүн укмуш жазыптыр

  • @НазираКемелова-и7л

    Гүлбүбүдон ажырашкандан кийин бир жаш кызга ашык болгон тура кайран акын менимче ошол кызга арналган окшойт, батына албайм эч качан бар болгон үчүн көшөгөм деп атканына караганда

  • @alinaashubaeva6852
    @alinaashubaeva6852 Год назад +1

    Акын гулбуго эмес башка кызга арнаптыр. Батына албай эч качан бар болгон учун кошогом Деп турбайбы.

    • @Гулзат-в8о
      @Гулзат-в8о Год назад +1

      Мен ойлойм да ушу ырларын Гулбубуго арнап чыгарган го баардык ырларын ушундай сезилет мага

    • @JoyJoy-tn8vn
      @JoyJoy-tn8vn Год назад

      @@Гулзат-в8обунун ыры эмес созун башка адам жазган

  • @aliyass13
    @aliyass13 Год назад +1

    Создорун Ким жазганын окубайсынарбы? Милан Самыйкожо деп турбайбы. Причем тут Гулбуу? Башын аттап кеткен катынды жайына эле койбойсунарбы

  • @Бактыгулапа
    @Бактыгулапа Год назад

    Ч