КҮНӨӨМДҮ КЕЧИР АЛЛА - караоке минусовка текст / С.Садыралиев

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 28 сен 2024
  • 🎵 Б.Жамгырчиевдин сөзүнө жазылган С.Садыралиевдин "Күнөөмдү кечир, Алла" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
    🎤СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ - Күнөөмдү кечир, Алла ырынын үнү бар (плюс) варианты • СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ - Кү...
    🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
    🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
    ✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
    ✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
    ☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
    ☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
    🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
    🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
    🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
    👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
    💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ❗ ЭСКЕРТҮҮ:
    © Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
    Сутан Садыралиевдин расмий ютуб-каналы: / СултанСадыралиев
    #ыркесе #кыргызча_караоке #СултанСадыралиев #КүнөөмдүКечирАлла #yrkese
    ======================================================
    Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла
    Сөзү: Б.Жамгырчиев
    Обону: С.Садыралиев
    ---------
    Жарык турса нур толгон жансыз күнгө бекиндим,
    Жармашыпмын шайтанга теңин булгап бетимдин.
    Карегимди дат басып, аруулукту табалбай,
    Жаштыгымдын далайын жардан алыс кетирдим.
    Көздү нечен май басып жолду көрбөй эсирдим,
    Көкүрөгүм муз болуп барксыз күндү кечирдим.
    Жамандыктан кайтарчу жалгыз өзүң бир Алла,
    Жаркын жолго жетелеп күнөөлөрдү кечиргин.
    Кайырма:
    Алла, Алла, Алла,
    Күнөөмдү кечир, Алла.
    Алла, Алла, Алла,
    Тозоктон сакта, Алла.
    Ля Иляха илля Ллах, Мухаммадун расул-Аллах.
    Сактай көргүн, Жараткан, көкүрөгү сокурдан,
    Калыстык бер чалдарга наркын сатып отурган.
    Ыйлап сурайм, Аллахым, ал күндөрдү кечиргин,
    Ыйманымды тарталбай никеси жок кошулган.
    Бийлик үчүн намысын сойчуларды кечиргин,
    Эл ырысын соодалап тойчуларды кечиргин.
    Аруулугун жоготуп, битке турбас сом үчүн
    Абийирине чок түшкөн сойкуларды кечиргин.
    Кайырма:
    Өлбөчүдөй күн көрүп жашап калдык жан сабап,
    Өзөгүбүз күйүүдө аракечтик аркалап.
    Келечеги жоголуп, багытынан адашкан,
    Бир тууганды кечиргин жолдо жаткан чалкалап.
    Баскан-турган жолуңдан кайдыгерлик коштолуп,
    Багытыбыз бузулду шайтан күчү топтолуп.
    Бара турган жерибиз жарыгы жок түн беле?
    Жанчылууда акыл-эс жан дүйнөбүз бош болуп.
    Кайырма:
    Жаңылууну кечиргин билип-билбей жасаган,
    Жардам сурап журт үчүн карегиме жаш алам.
    Барарыбыз кара жер, аларыбыз бир кепин,
    Баарыбызды пенде кыл намаз менен жашаган.
    Барарыбыз кара жер, аларыбыз бир кепин,
    Баарыбызды пенде кыл намаз менен жашаган.
    Кайырма:

Комментарии • 6

  • @Yrkese
    @Yrkese  2 года назад

    Б.Жамгырчиевдин сөзүнө жазылган С.Садыралиевдин "Күнөөмдү кечир, Алла" ырынын караокеси тексти менен.
    ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз:
    👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет!
    📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)!
    📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз!
    ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ
    💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз?
    ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫

  • @АйзатКасымбекова-ф9с

    Жакты керемет

  • @АйзатКасымбекова-ф9с

    Кутман кун айыл кечтери деген ырдын минусовкасын чыгарып беринизчи