Демилге: айыл активисттери кантип өз жерин гүлдөтүүдө?
HTML-код
- Опубликовано: 29 сен 2024
- Ош шаарынын четиндеги жаңы конушта демилгелүү топ аймактын маселелерин чечүүнү өз колуна алышкан. Түрдүү гранддарга катышып, таза суу, ФАП сыяктуу социалдык маселелерди чечүүдө.
“Замандаштын” бул чыгарылышы өз айылын гүлдөтүүгө, өркүндөтүүгө кызыктар активисттер жөнүндө болот. Советтер союзу таркагандан кийин кароосуз калган аймакты сактап келе жаткандардын бири Осмон аксакал жана учурда анын ишин улап жаткан Тотия айым тууралуу төмөнкү видеодон көрүңүздөр.
***********************************************************************
Бизге жазылыңыздар: / tmediagroup
Биздин сайт: t-media.kg/
Инстаграм: / tmedia.kg
ТикТок: / tmedia.kg
Фейсбук: / tmedia.kg
Телеграмм: t.me/tmgkg
_________________________________________________________________________
Айылда эң сонун нерселер бүтүп жатат! Тотия сага ден соолук,ишиңе ийгилик! Колуңдан келсе,эл үчүн кызмат кылуудан эч качан чарчаба!
Ушул жерде да негатив жазгандар бар экен э? Кана эми биздин айылда да ушундай активистка эжелерибиз болсо ойлонбой кошулуп салым кошот элем. Негизи ар бир айылдан ушундай активисттер чыгып өнүгүү го салым кошушубуз керек. Кыргызстан баарыбыздыкы тескерисинче сын таккандан кору салым кошуу милдетибиз болуш керек эл журт.
Ишине ийгилик эл учун эмгек кылган озубуздун кызыбызды уолдойлуу иштегенди иштеди жасаганды жасады деш керек эл билет кандай иштерди кылганынды талыкпай эл учун кызмат кыла бер Аллахым озу колдосун
Тотия волонтёр болуп эле ушунча жумуштарды жасадын, азаматсын! Дагы да ийгиликтерди жарата бер. Азыркы кундо бир айылдын эмес бир уйдун ишин бутуруш кыйын, бул жерде негатив жазгандар алигиче турмуш шартын ондой албагандар, бироо иш кылса сындагандар, пожизненный негатив адамдар. Алар тоскоолдук кылган сайын сен кучтоно бер, сендей замандаштарым бар экен буюрса Мекенибиз осуп онугот. Дагы бир жолу азаматсын, Алга!
Азаматсыздар, сонун иштерди бүтүрүп жатыпсыздар, бул иштер Тоту бүтүргөн иштердин эң азы гана, көзгө көрүнбөгөн канча жакшы иштерди жасап келет, чыныгы лидер, ишиңе ийгилик!
Тоту, айылынарда жакшы иштер болуп жатыптыр, ийгилик боло берсин! Ал эми, эл үчүн иштегенде элдин баарына жага албайсын. Сенин, айлык албай, наоборот өз жанындан каражат, убакыт кетиргенинди анча-мынчалары көрбөйт. Бирок, көпчүлүк Сиз тарапта болот. Ийгилик каалайм, алга!
Тотия азаматсың. Эмгекти Аллах көрүп турат. Эгер түшүнгөн адамдар болсо сенин потенциалыңды пайдаланып, мындан ары дагы айылды өнүктүрүүгө сүрөөнчү болушса болмок. Ит үрө берет, кербен жүрө берет. Эч кимге көңүл бурбай, алдыга карап жыла бер👍👍👍
Тоту азамат кыз, дачада активист, аракетчил. Коркпой бетке ачык айтат. Коп жакшылыктарды алып келди дачага. Эч кимди укпай ишинди кыла бер. Ит үрө берет, кербен жүрө берет. Алга!
Тотия эже азаматсыз кылган иштеринизди Аллах коруп турат
Жигердүү жаштар чынында өнүгүү иштерди коп кылып жатат? Алга ийгилик жаман кептерге маани бербей алдыга кете бергиле ийгилик каалайм!!!
Молодец, Тотия эл кызматында дайыма.
Аллахым ыраазы болсун 🤲🏻
Тоту эже мен сизди семинар тренингде катышып коп коргом жакшы эжесиз жакшы иштерди кылып жатат экенсиз ийгилик каалайм!
Тоту эже мен сизди семинар тренингде катышып коп коргом жакшы эжесиз жакшы иштерди кылып жатат экенсиз ийгилик каалайм!
Тоту карындаш азаматсын.Чогуу иштегенбиз.Позитив,аракетчил, эл менен иштоодо абдан тажрыйбан мол.Элге эмгек кыла бер.Эл менен журсон бийиксин!!!
Тотия эже ийгилик каалайм көптөгөн иштерди кыла бериңиз.
Эн сонун ийгилик каалайм дагы да онуктуро бергиле? Бирок "беш манжа бириксе муштум болот" айылынар бириксенер мындан да коп онугуулорду кыласынар? Кана эми биздин айылда ушунда аксакалдай Тоту дай кыздарыбыз болсо бироого кем бироого зар дүйнө...
Жакшылыкты келтирген, дачага бир пайда келтирген адамдарды коро албай, сасып турган адамдар чыгат. Колунардан келбесе коп элди булгун кылбагыла, жашынып комментарий жазып. Эл жолду тазалаганда эмнеге чыкпайсынар? Эл ашарды кылганда неге жардам бербейсинер? Кудайыга эмнеге келе албадынар? Жакшылык жамандыкка эмнеге кошула албайсынар? Анан буткон ишти сындатып койсо, баарыбыз бир жерде жашагандан кийин ак менен кокту коруп отурабыз, Асан кылабы Усон кылабы биздин айылдын иши бутсо кудай кубо ырахмат, мен Тотуну да, Жанышты да жеке тааныймын! Жаман соз суйлогонго акым жок, Осмон менен жеке тааныш эмесмин бирок жайкана, жол , ФАП ошол кишинин убагында буткон, эми болсо Динарага жаны айыл башчыга асылып жатасынар, уялгыла!
Сенсиңби же сизсиңби бирок төбөдө Алла Таала баарын көрүп турат,Тотиянын кылган иштерин чекеден санап бергилечи,столба алып келип койдубу,бордюрларды койдурдубу ,же жолду сурдүрдүбү,же жайды айландырып тостубу, же көчөлөрдү жарыктандырдывы, мерияга көйгөйлөрдү айтып бардывы ,көчөмө көчө элдерге кол койдуруп жүгурдүбү,сен ким экениңди билгиң келсе,мага досторуңду корсөт деп бир акылман айткан экен.,анын сыңары кимдин досу ким экени белгилүү го.
Тотия азаматсын, ишине ийгилик!!! Дагы да чон ийгиликтерге жет.
Тотия,сизге бекем ден-соолук, ишиңизге ийгилик каалайм!
Азаматсыздар, ишиниздерге ийгилик!
Видеону коруп озумду эстедим. Бир кезде мен да коп иш кылганмын озумдун айылыма. Аллах зоболонорду тушурбосун. Мен 20 жыл Баткендин алыскы районунда чек арада айыл башчы болуп иштедим, коп проектилерди жасадык АРИС, Ага Хан, азык тулук программасы менен жана башка уюмдар менен, бирок элдин арасында бир же эки бузуку болот. Эч качан эч кимдин жакшылыгын коро албайт. Ичи тар, озу колунан андай иш келмек турсун, мамлекеттен алайын, мамлекет обязан деген ой менен жашап, озунун жашоосун туруктай албайт, бирок элди булундургонго, чавыштырганга, бурмалаганга кыйын кишилет. Кудай кубо ким ичи тарлыгынан бироону жаман корсотсо, мунун жазасы аркы дуйнодо эмес, бул дуйнодо алат: ооруу менен, жетишпестик, кедейчилик, уй булоодо уруш жанжал, барака пайиздин жоктугу, эл арасында зоболосун тушуруп жана ар кандай проблема менен. Ошондуктан пайданды тийгизе албасан, зыянынды тийгизбе деген соз бар. Айылды онуктуром деп оздору аракеттенген кишилердин ишине Аллахым ыраваж берсин!
Мыктылар. Эл үчүн күйгөн асылдар аман болгула. Тоту бизде да ар бир үйгө кыдырып иштеп кеткен күндөрүңдү эстедим. Чыныгы фасилтатор, чыныгы эл деген мыкты жансың. Айланаң өзүңдөй мыктылао менен толсун. Айылыңар алга жылып жамаатыңар жакшылыктарга жетишсин. Өркүндөй бергиле. Маршрутка айылыңарга жетсе андан сонун болмок
Азаматсыз, элге пайданыз тийип жакшы иштерди кылып жатасыз.
Туура ойлонуп, жакшылыкка ниет кылган эл онолот, Аллах озу берет баарын, коргондо коз кубана турган ынтымак эл экен, бир жакадан баш чыгарган, жеринер да кооз экен ак бууранын жанында, силерге оомат жана ийгилик🎉,
Тотия озу жигердүү кыз эле жаш тайынан молодец. Дагы да коп иштерди кыла бер.
Тоту окуп аткан болсон адамды раазы кылам деп кылба Алланы раазы кылам деп иш кыл. Адам коруп турса да корбомушко салып коет анткени бизде пендечилик коро албастык бар.
Ириген ооздон чириген соз чыгат да,буларды укбай ишти кыла бериш керек
Сен элди укбагыдай кимсин озунор билип иш кыла албайсынар билип кой.
Тоту азамат кызсың ийгилик!
Тоту ,Азамат кыйын кызсын синдим.
Тотия эже ийгилик каалайм! Сойкуну деле бомжтун деле оозу бар бардык малдар сайрай алышат бирок иш кылганга келгенде акылы жетпейт бирок сын айта алат конул бурбай дагы да коп иштерди кыла бериниз.
Чынында ийгиликтүү айым экен. Аял башыңар м- н акча толонбосо да ушунча иштерди кылып сыңар эгер силерге укук берсе кыйратмаксынар. Молодец активисттер баарынарга аксакал тоту силерге ийгилик. Ар бир адам колунан мындай иштерди кылган келе бербейт.
Ийгилик Тоту!!👍👍👍
Кемчиликсиз иш болбойт молодец иш кыла бергиле дагы да!
👍👍👍
Тоту азаматсын.
Бул учоо нени кылышыптыр дачада эч нерсе онолбодуго аферистер жол бузук, суу жок, маршрут жок нени айтып мактанып чыгышты уят, карап туруп мактансанар.
👍
Жонокой элдерден сурап анан чыгарбайсынарбы же журналистерди сатып апкелиштиби аферистер
Эл чогулуп жатканда чыкпайт белең анан уйдо жата бербей?
Тооба калп го баары не иштерди кылышты неге ээл жоок оздору учоо эле мактана берген элдин козу корбу таза калпты окшоштурушуптур го жалдап алган го телевидениени
Биз жашап көрүп эле жатабыз. Сен кайсыл жерде жашайсың тууган так айт да?
Тоту сени аябай мактап жазышыптыр ,а бирок сенин кыйындыгыңды биз көрө албадык,Танянын сөзүн сүйлөп, Багынбай менен биригип ооз ачпадың эле го эми жан кирдиби сага.Багынбай акең үч жылдын ичинде бир трансформаторду да каттабаптыр...Осмон аваң жети жыл иштеп да каттаган жок,анан кантип публикага активист болуп чыгып атасыңар, чыныгы проблемалар башка жакта жатат, сен эл үчүн десең ууруларга кошулба ошондо абийир табасың.булар гөрдө жаткан адамдардын үстүнөн да акча жеген адамдар ,так что ойгон..анан жоолук салынып чачыңды өстүр...
ОШ. Шаарында 🤦🏻 Коммунальные услугада. Жашочулардын санын кобойтуп жазып жатышат 😢 ошол жерде элдин ырыскысын уурдап жатышат 🛑 ким козомолдой 🇰🇬🇰🇬
Качан гана чындык айтыл
ганда ууру машщенниктер
жоголгондо эки жуздуулор
жоголгондо гана айылда
жакшы адамдар болот.
Жаныш ака эмгегиниз зор элге.Кайра эле озунуз мээнет кылып жатыпсыз.Ийгилик коштосун!!!
😮Оозунан бал куюлуп
журогунон бок куйулгандар
калпты айтып мащеннтктерше кошулуп,
Коошамат урунуп уурулукту
кылып журо бергиле.силерди жакшы билишет.
Ким тартып ким чыгарып атат,толук маалмат билбей эле.Элден маалмат албайсынарбы?Сууга айына 800 толонот Ак Бууранын башында туруп. Сууну Таня деген башкарт .Таня берсе суу ичишет,бербесе жок
Сен акылын өстүрсөң э. Сага сууну бекер кылса анда Токтогулда ГЭс бар Токтогулдуктар свет бекер болуп боп кетпейт беле. Барчага барабар деген нерсе бар😅
Сонун суроо болду элден эмне алдыныз деген 😂😂😂 бесплатный сыр только в мышеловке дегендей ,1нерсени аткарса 10 нерсени алды да айтпаса да тушунуктуу.
Сенен башка суйлой турган
Адам жок экен да Осмон
калпычы.Карыганында
Тотуга кошомат урунбай эле
уйундо отур сага ким ишенет.
Эмне гана кылыктарды кылбадын дачага.
Сен бир нерсе кылдынбы дачага? Иш кылган киши коркпой эле чыгат элдин алдына, Осмон аксакал туура эмес иш кылган болсо сенден башка тескей турган уюмдар бар, озунордун урушту клановый Жанышка, Тотуга жармаштырбагыла укам, биз айылда тынч эле жашайбыз, бир эки эле бузуку чыкпаса
Териштируучу органдарды
Осмон менен Таня калп айтып, ишендирип сатып алышат сен бокту билесинби.
Иштеген адамды туртуп
коюп уурдап алышса
айла жок иштешет да.
Учоонон башка суйлой турган эч Ким жок экен
да.Билип анан тантыра.
Бузуку калпычы так ушулар.
@@Ali-ug8szСен чындыкты айткан адамдарды бузуку деп ,калпты ышкырткан адамдарды патриот деп ойлосоң ,демек сен да так ошолордонсуң...Бузукулук кылып эмне кылышты сен такэле ошолордун бириси болосуң ,анткеи ошолордун таламын талашкан ,ошолордун жугундукорусун.....
Ошондо бул кайсыл жер?
Ош шаарынын чекесинде АК бууранын башы толойкон тарапта мурунку дачалар, азыр 11 квартал деп айтылат
Кыйын экенсин Тоту сууну
арзандатып кой 800 сом
кылбай анан калпты мактан.
Айылдан келип Таняга кошулуп чачыны кыркып
Оруска окшоп алыпсын.
Эми Таняныныкындай кылып кырып таштасан деле болот .
Сен адамсынбы или малсынбы? Подделка аккаунттан жазып отурасын. Шончо ачык суйлойм деп жаздын, озундун аккаунтундан жазбайсынбы жузунду корсотуп. Колундан эч нерсе келбесе, элге пайдан тийбесе аткарылып жаткан иштерге тоскол кылба.
Эмне иш кылдыңар өзү Биздин дачага келген 70миң долларды аркы дачага кетирдиңер ,кокуй трубалары кагаз болуп калыптыр деп,самом деле трубалары отлично экен,Маметжума ава айтты го...Тотия эмне иш кылып атканын мен көрө албадым,и коргөн да жокмун,мага тизмектеп айтып берчи ,публикага мактанып койуш оңой эле нерсе,телевидениени чакырып алып...сен бул жердеги проблемаларды жакшы билесиң...бирок ушул убака чейин оозуңарды ачпай келбедиңер беле эми мне болду ..суу койгөйүн чечип атабыз деп мактанып атат....кайра эле таняга шарт түзүп атпайбы,эгерде элге куйсө сууну биро толо эл башкарсын ,ошого жан үрөсүн жүгүрсүн таняга кошоматтанбай...таня каалаганын кылып атат ,суу кампадан каалаган адамына прямой улап атат ,ал деген элдин жон терисин сыйрып атат деген сөз ,танянын кандай тиешеси бар өзүң айтчы ,мына Багынбай эмнени өзгөрттү,под юбка болуп үч жыл жүрдү танянын айтанынан чыкпай ,канча махинация иштерди кылды ,президентти алдап гөрдө жаткан адамдардын да тизмегин берип үч миллионду мамлекеттен алайын дегенде ким токтотуп калды ,мындан кабарың барбы,сен билесиң бирок кошоматтык каныңарда барбы ооз ачпадыңар ошондо чыкпайт белеңер кыйкырып,түштөн кийин активист болбой.Багынбайдын этегин кармап үч жыл ооз ачпадыңар,деги кошоматчылыгыңарды качан койосуңар,эгер чыныгы эл үчүн десеңер эл тарапта болгула, жаны жок шылуундарга кошулбай
@SdGfg-bc6lp: далбан элесин а э. Сууну арзандаткыдай Тоту сага окматпы?😂😂🤣