Кекти жеңген махабат | 2 - бөлүм | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп
HTML-код
- Опубликовано: 5 фев 2025
- Эртеси кыймылдай албай жатып калды. Бүткөн бойу көгала болуп ичинен жини келип жатты, анын бир гана корккону Айсулуу эле, аны ала качып кетишеби деп жүрөгү тынч алалбай ордунан туруп эптеп кийинди да жолугушчу жерине барды. Аны көргөн кыз сүйүнүп кетти. Экөө үнсүз бир топко сүйлөшүп туруп анан Аалы ага:
- Айсулуу, сен билесиңби, сен бир-эки күн үйдөн чыкпа, менин жумушум чыгып калды, эгер чыксаң сенден айрылып каламбы деп корком, - деди маңдай чачынан сылай.
- Качан келесиң анан?
- Эки күндө келем, эртең эрте чыгам, - Аалы бүткөн бойунун ооруп турганын билгизбей аны менен тез эле коштошуп үйүнө жөнөдү, ал бүгүн башка жолго түшүп келди. Аалыны көрүп эле Гүлшан:
- Балам, деги кайда жүрөсүң, эрте кетесиң, кечигип келесиң, үйгө токтобой калдың го? - деп дасторконун жая тамак ашын алып келди.
- Апа, балаң кечээ бирөө менен урушуп келди, кийимин көрчү, мушташкан окшойт, - Жоробай апасына карады.
Соонун чыгарма.Ийгилик
Кутобуз энсонун ийгилик
ЭН СОНУН ЧЫГАРМА ЭКЕН ОКУГАН КЫЗГА ЧОООН РАХМАТ УНУНО БЕРЕКЕ АЛТЫНЫМ АЛ ЭМИ ЧЫГАРМАНЫН ЭЭСИНЕ КАЛЕМИН КУРЧУЙ БЕРСИН ДАГЫ ДА КООООП КОП ЧЫГАРМАЛАРДЫ ЖАРАТА БЕР КУТОБУЗ ЭН СОНУН
.
👍
😊😊😊😊😊❤
чыгарма буттубу