Жалгыз там - Сыймык Бейшекеев (cover by Тынысхан) /Раймаалы

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 29 сен 2024
  • Раймaaly / Nomad Music
    Раймаалы командасынан жаны кавер ,
    Тынысхан "Жалгыз там"
    Сонун ыр учун Сыймык Бейшекеев агабызга ыраазычылык билдиребиз!
    ...
    БИЗДИН БАРАКЧАЛАРГА КАТТАЛЫНЫЗДАР!
    Тынысхан: ...
    оператор ; ...
    ...
    локация : ...
    донаты на следущий кавер ; (OptimaBank - 4169 5853 4377 9681)
    телеграм : t.me/rhymeaaly (тут можно скачать аудио версию)
    #тынысхан #Раймаалы #жалгызтам
    Сыймык Бейшекеев
    "Жалгыз там"
    Толук кез жайдын ысыгы, аптап,
    Күүгүм кирди айылды караңгы каптап.
    Ышкырык-күлкү, шаңдуу ыр менен,
    Боз балдар жүрөт көчөнү таптап.
    Кайырма:
    Айыл этегинде жалгыз там турат,
    Шаардык кыз келген, көңүлдү бурат.
    Кантип чакырып, таанышсам экен,
    Канткенде билип, сезимим туят?
    Демейде комсоо көрүнсө ал там,
    Айлыбызга берет бөтөнчө бир шаң.
    Жылдыздар батып, торгой үн салат,
    Чыкпайт шаардык кыз, атат жаңы таң.
    Кайырма:
    Бирибизден тымызын кызгана беребиз,
    А бирок эч кимибиз тааныша элекпиз.
    Ышкырык салып өйдө-ылдый улам,
    Канткенде чакырып, гүлүмдү сунам?
    Кайырма:

Комментарии • 175