JanART - Күн чыгышым (кавер, акапелло)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 19 окт 2024
  • Сөзү: Турар Кожомбердиев
    Обону: Үсөн Сыдыков
    Улам карап туш-тарапты элеңдеп,
    Айтар сөздү миң кайталап белеңдеп.
    Күн чыгышым, сени күтөм зарыгып,
    Анык беле айткан сөзүң келем деп?
    Тоонун суусу аңтарылат иримдеп,
    Дарак ырдайт жалбырагы дирилдеп.
    Күн чыгышым, келсең боло күттүрбөй,
    Салааланып саамай чачың бириндеп.
    Айлап-жылдап жалгыз сен деп түгөндүм,
    Жүрөгүңдүн бардыгына күмөнмүн.
    Колду шилтеп кетип калбас себебим,
    Боосу сенде мен катынган жүгөндүн.
    Улам карап туш-тарапты элеңдеп,
    Айтар сөздү миң кайталап белендеп.
    Күн чыгышым, сага деген махабат,
    Жүрөгүмө батып барат тереңдеп.

Комментарии • 3