Мирбек Атабеков - Бул Дүйнө Караоке
HTML-код
- Опубликовано: 26 сен 2024
- Достор Хит ырлардын бири !!!
@mirbekatabekov
Текст песни
Жарыкчылык өмүргө
кимдер келип-кетпеген
Жаркыраган ааламгдан ай
кимдер таазим этпеген
Тагдыр жолу-татаал жол
бирөөлөргө кепкенен
А бирөөгө азап менен
арман-муңун чектеген ай
Туңгуюкка
кептеген
Жаралганда дүйнөгө
жаңжал салып ыйламай
Ал-кубатка келгиче эй
ата-энени кыйнамай
Эрезеге жеткенде
эл мүдөөсүн сыйлабай
Жаман адат күтөбүз
көр оокатты жыйнамай эй
Кара жанды
кыйнамай
Бул дүйнөнүн байлыгын эй
жалгыз ээлеп алчу бар
Мансап үчүн эл-журтун да
курмандыкка чалчу бар
Адамзаттын ушулар
убалына калчулар
Арабызда болбосунчу
адамдыкты танчулар ай
Акыр заман
салчулар
Максат менен чырмай бол
ызат-сыйга чулгай бол
Өмүрлөрдүн чак түшү эй
алтын жаштык турбайбы оу
Каран калсын көр оокат
алдар калсын ылгайлы
Эл-журт болсо биз болорбуз
эл мүдөөсүн сыйлайлы эй
Эркин үйдо турбайбы
Өткөн өмүр качкан куш
канаттары дилдиреп
Гүл жайнаган бакчаңды да
күлүк мезгил бүлдүрөт
Жан дил менен барктайлы оу
жаш күндөрдү үлбүрөк
Тагдырларга бөлүнгөн
өмүр канча ким билет эй
Бакыт канча
ким билет
Кырчын жаштын кадырында
кыярганда билерсиң
Кызыл өңдүн кадырында
кубарганда билерсиң
Бар байлыктын кадырын да
чачылганда билерсиң
Бак-таалайдын кадырын сен
басынганда билерсиң эй
Качырганда
билерсиң
Адал ниет ак журок
алсыздарга шум дүйнө
Жан дүйнөсү бош калган ай
наадандарга кур дүйнө
Кадырына жеткенде
катасы жок нур дүйнө
Биз өтсөк да калар жаркып
дайым жапжаш бул дүйнө эй
Дайым сулуу
бул дүйнө
Жашоо деңиз чалкыган
жарашыгы саймадай
Мүнөт санап өмүрлөр
өтүп жатат байма-бай
Биз кемечи калкыган
турмуш аккан дайрадай
Орду менен сүзөлү
оң-тетири айдабай эй
Бактыбызды
байлабай
Бир берилген бул өмүр
бүтпөчүдөй ойлойсуң
Болбос ишке кор кылып эй
оюнчуктай ойнойсуң
Шумкар болуп сызасың эй
жылан болуп сойлойсуң
Миң-миң сырдуу бул өмүргө
жүз жашасаң тойбойсуң эй
Миң жашасаң
тойбойсуң
Миң-миң сырдуу бул өмүргө
жүз жашасаң тойбойсуң эй
Миң жашасаң тойбойсуң
Сонун мыкты таза минус👌✊
Дагы дагы чыгара бериңиз Ийгилик😊✊
Күтүп жүргөм👍
Н.садырлвтун бардыгы сенсин деген ырын минусун жазап бпринизчи
👏👏👏👏
Мирлан Баековдун Ата тилеги минусу барбы?
бар
xminus.me/track/215665/ата-тилеги
Админ сураныч
Ямаджи, Фейджи, Улукманапо - Дико. Деген ырга минус жасап бере аласызбы?
ватсаптаж жасань жиберем
@@DassProinc админ сураныч Нестандарежан ырын киргизиңизчи
@@БилалБурканов-д7х нестана дарежан ырдын минусу жок болуп атат ал ырдын унун очурсом комуздун уну дагы очуп калып жатат
телефон берсенер жиберем угуп коргуло
@@DassProinc мага жиберип койгулачы керек болуп жаткан
@@АмантурТоктобеков-п4т vk.com/topic-61050779_29524333
Миң-миң сырдуу бул өмурдө
Жүз жашасаң да тойбойсун ай
Миң жашасан тойюойсун😢
Текстти туура жазсаңар боло!
Кайсыл жери тура эмес экен? Текст биз автордун баракчасынан алабыз
@@DassProinc оңдоп чыгаргыла да.
@@DassProinc жаркыраган ааламга
Максат менен чырмайлы ой
Ызаат-сыйга чулгайлы ой.
@@DassProinc алды-аркасын ылгайлы
Админ кайсы предложение мн жазайсыз