ЖК комитети Интернет, ЖМКдагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салуу мыйзам долбоорун жактырды

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 17 сен 2024
  • Интернет, ЖМКдагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети биринчи окууда кабыл алды.
    Августтун башында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Интернет менен жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жапкан жана мазактагандарга айып пул салууну сунуштаган. Анда жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, ишканаларга 200 миң сом айып пул салуу каралган.
    Андан тышкары министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, алардын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун да берди.
    “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган.
    Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.
    Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.
    _____________________________________________________________________
    ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
    Биздин сайт - www.azattyk.org
    Instagram - / azattyk.kg
    / azattykmedia
    Фейсбук - / azattyk.org
    / azattyk
    Ютуб -www.youtube.co....
    Телеграм - t.me/Azattyk_r...
    t.me/azattykrus

Комментарии • 89

  • @Акар-щ9г
    @Акар-щ9г День назад +20

    Дайыр Орунбековду кармагыла! Ошол эн главный. Грязный создорду, фейктерди ошол тарбиялайт.

  • @salomonsalomonovich1990
    @salomonsalomonovich1990 День назад +17

    Мадумаровду сагызган дегендер кандай болот😂

  • @ЖикиУтрекеев-я6э
    @ЖикиУтрекеев-я6э День назад +16

    Аферистерди макташ керек би?

  • @ПазилатКамчевна
    @ПазилатКамчевна День назад +8

    Элдар ракмат эн жакшы создорлу суйлопсун ден соолук чын брлсун иштерин ийгиликтуу болсун❤❤❤❤

  • @Кычкыл
    @Кычкыл День назад +24

    Биринчи болуп фейктердин фабрикасы кемчонтой "ДОКАНЦАлар"ды ким тыят?

    • @кыргыз-р4ц
      @кыргыз-р4ц День назад +5

      Аларды тыймак турсун сыйда журушот го😂

    • @КубатСатаров
      @КубатСатаров День назад +2

      Эн туура соз кемчонтойлор деп дакансалар деп

  • @kykksm
    @kykksm День назад +3

    Маданият,маалымат жана спорт министрлигинде абийири таза чиновниктер өтө аз

  • @jashasynkg9108
    @jashasynkg9108 День назад +2

    Кайран Кыргыз Тили ! Мыйзам доолборду да Кыргыз Тилде жаза албай жүрөсүңөр !

  • @МайрамбекКалыгулов

    Абакиров мырза азаматсын!

  • @КылычбекКадыров-к9з

    Эми талкан кымбаттайт,чиновниктердин бироосундо талкан заводу курулган го..?

  • @kykksm
    @kykksm День назад +2

    Жогорку Кенешке абйири,көкүрөгү таза,адамдык касиети тунук Эльдар Абакиров депутат келди.үлгү алгыла,шылуундар,маскарапоз чиновниктер,депутаттар

  • @Талантбек-н4ф
    @Талантбек-н4ф День назад +3

    бул мыйзам элдин оозун жабуу

  • @КылычбекКадыров-к9з

    Эльдар ананай,Аллахым суук коздон,жаман адамдардын жамандыгынан,кырсык балакеттерден сактасын,аминь!!!

  • @Гаррипоттер-г1к
    @Гаррипоттер-г1к День назад +4

    Текебаев айткан диктатура ушул туугандар

  • @АидаСыдыкова-ц7ъ
    @АидаСыдыкова-ц7ъ День назад +2

    Чоңдорго ушундай ачуу сөздү жазыш керек жетпейт

  • @ПазилатКамчевна
    @ПазилатКамчевна День назад +4

    Туура соз суйлоптур азамат

  • @anakenasirov3381
    @anakenasirov3381 День назад +2

    Тагай Бут камагыла илгерки кордо жаткандарды дагы сыртынан камадык деген шоо шуунар барго илгерки акындарды Токомду 😅

  • @anakenasirov3381
    @anakenasirov3381 День назад +3

    Максут мн Тагайга бироно сержант бироно мл сержант деген берип анан штраф салдыргыла да

  • @io6484
    @io6484 День назад +5

    Бул мыйзам кабыл алынса, раим миллионго окшогон коррупциянерлер жыргайт экен да! Жалган жалаа деп соттой берет журналисттерди!

  • @ОмурзакТУРДУЕВ
    @ОмурзакТУРДУЕВ День назад +1

    Кошаамат кылгандарга да айыппул салгыла бир тараптуу кылбай

  • @Кычкыл
    @Кычкыл День назад +8

    Элдар Абакиров сендего кийинки эстафета мандат тапшыруу аземи🤣🤣🤣🤣бул оозубузга талкан салуу эки достун заказы

  • @НуржигитМамажанов-п2о

    Адахан. Мадумаровду президент баш болуп сагызган, ичи таар десе ал кандай каралат. Жалаа болобу ошондо😂

  • @АдилетАбдибаитуулу-т9ц

    Марат,Ташиевти жамандап журдулего

  • @АманЖунусбеков-ь4л
    @АманЖунусбеков-ь4л День назад +7

    Марат Тагаев бул бийлик да кетет түбөлүктүү эмес го, эртең калемгер кесиптештериңе кандай жооп бересиң? Саясаттын айланасында эмес дейт замминистр юстиции бул мыйзамды, бирок дал ушул бийликке керек болуп жатканы үчүн демилгелеп жаткан жоксуңарбы?

  • @БолотбекДооронбеков

    Ай билбейм ак барак барган сайын карайып баратат бул кетиште кайда барар экенбиз

  • @TalantJuzuev
    @TalantJuzuev День назад +1

    Марат туура айтып жатат

  • @user-zz9qv4xw6t
    @user-zz9qv4xw6t День назад +2

    Умышленный оскорбления деп жатпайбы

  • @user-vb5kf3xs5n
    @user-vb5kf3xs5n День назад +1

    Айып акчаны Кыргызстанда элди тоноп сызга отургузуп бюжетти толтуруу эмеспи андан коро элдин билимин жогорлатыш керек кайсыл атка минер.айып пул толоду.

  • @minavarmatkasymova7035
    @minavarmatkasymova7035 День назад +1

    Карупсияны ар кандай жол менен кобойтуу бизде эч качан карупсия жоголбойт оркундоп осот оздору баш калганы тош.себеби эч кандай завод фабрика жакшы атактуу ишкана жок.кымбатчылык бензине башталат баары бир нерсе десен жол кире кымбат.кундон кунго нарктар гулдоп осуп жатабы эч качан жойулбайт качан арзанчылык болсо анан жойулат.

  • @kykksm
    @kykksm День назад +1

    Эрке талтан эки министрдин бири Алтынбек Максүтов ишке чийки,принциби жок кадр.Акылбек Жапаровго сунуш берип иштен алгыла.Сөгүш,эскертүү ала берет,Жогорку Кенешке барганда ичи лтүп,ажатканага чуркайт,жыйынды үзгүлтүккө учуратып...ынтыгып

  • @кыргыз-р4ц
    @кыргыз-р4ц День назад +2

    Марат, конкретный суроого жаман айландырдын го так жооп бербей же жооп такыр эле бере албайсын😡!

  • @hct5dgj7yfe8
    @hct5dgj7yfe8 День назад

    Элдар Абакиров ото билимду терен ой жугурткон депутат экен

  • @АщплплпАлпөп
    @АщплплпАлпөп День назад +6

    Адекватуу депуттардын бири Абакиров

  • @03.80.
    @03.80. День назад +6

    Бул мыйзам биргана бийликке иштейт, сен бийликке сын айтпа деген мыйзам.

  • @НуржанОсмонова-г9т
    @НуржанОсмонова-г9т День назад +1

    Кыргызстанга 90 депутат кооп келерки шайлоого 20 депутат жетет

    • @Baktyiar.1
      @Baktyiar.1 День назад

      20 депутат болсо ушуга окшогон закондорду карабай туруп колдоп берет

  • @user-xi5tw4tk2c
    @user-xi5tw4tk2c День назад +3

    Эльдар кучтуу экен как Мадумаров

  • @user-rn9nu6bu1b
    @user-rn9nu6bu1b День назад +2

    Урматуу депутат абдан туура айтты Рахмат колдоймун а штраф отоле ашепке жуз мин элдин баары милонер эместа

  • @kykksm
    @kykksm День назад +1

    Жүз мин сом айып,жиндилердин аракети

  • @ЭрниязМаматкасимов

    МИСАЛЫ МЕН ЖАЗАЙЫН АКЫЛДУУГА ТАР ЗАМАН АФИРИСКЕ БАР ЗАМАН ДЕП ОШОНДО МЕН АЙЫП ПУЛ ТОЛОЙМУНБУ ЖЕ ЖОКБУ Я

  • @user-ch5ok6op5u
    @user-ch5ok6op5u День назад

    Эн туура

  • @user-jd1ce1zm7g
    @user-jd1ce1zm7g День назад +1

    Анда телефондорун карабай эле койгула,ар бир жаран озунун оюн айтууга акылуу го,фейктерди силер чондор,байлар талашасынар,а карапайым эл озунун ою учун оозунду скочтоп салгыла,депутат туура айтып жатат бийлик дайыма эле калп айтасынар,айлыкты укмуш котордук дейсинер,биз деле сурайбыз мугалим врачтардан чын эле айлыгынар 35 десек,дайыма эле жарымын айтышат,андан коро сайттарга туура эмес теманы коюп чыгаргандарды тыйып алгылачы

  • @user-xi5tw4tk2c
    @user-xi5tw4tk2c День назад +1

    Марат бул бугунку кунун ойлойт

  • @user-kf2qg4zg1g
    @user-kf2qg4zg1g День назад +1

    Саватсыз министир екен

  • @user-kf2qg4zg1g
    @user-kf2qg4zg1g День назад

    Закон жазган министирди атууга өкүм чыгарыш керек

  • @user-pd4kv7cc7m
    @user-pd4kv7cc7m День назад +1

    ел жаса чын жазат

  • @Жусуп-б6ч
    @Жусуп-б6ч День назад

    Бул мыйзам бийликтегилердин оздорун коргонуусу. Депутаттар суйлогон созуно жооп бербейт, колтийбестиги бар катуурак суйлосон штрафсалса.

  • @dokialmazbekov4434
    @dokialmazbekov4434 День назад +2

    Мындай кетиште мурунун тешиги чоңдорго да штараф салат абаны коротуп жатасың деп

  • @МолдобекУсенов
    @МолдобекУсенов День назад +1

    Кошоматчылардын катарында чиновниктер башлуп, баарынар Кун карама-кошоматчысынар!

  • @МедетбаевКайрат
    @МедетбаевКайрат День назад +1

    Азаттык азаматтар сиздерге ийгиликтерди каалаймын

  • @tartip7690
    @tartip7690 День назад +3

    Туркменистан 2 болууга жеткирүүчү мыйзам, мен түшүнбөйм бийлик коркконунан ушунчалык калчылдап жатабы?? Эгер бийлик ак болсо анда эмнеге коркуп ооз ачканды четинен камап жатат?? Жана бийлигин коргоо максатта элге каршы мыйзамдарды чыгарып жатат, элдин мойнуна мине албай жаман кыйналып жатат го бийлик

  • @user-gl9rs2cx4s
    @user-gl9rs2cx4s День назад

    Интернетти саат ондон кийин очуротурган кылгыла балдар сабак окубай койду иши болсо жон звант этип бутуроберет

  • @user-qm8xi3st8i
    @user-qm8xi3st8i День назад

    Чиновниктер.озунорго.кол.тийбестик.кылыпсынар

  • @nurkalyyibaratu3870
    @nurkalyyibaratu3870 День назад +1

    Ошондо дудук болобузбу

  • @ГуляДжапаркулова-я7ш

    Мыйзамынар айланып келип бийлик озун коргоо учун, айылдарда акча жетишпей акчанын айынан уй було бузулуп ажырашып жатат. Жумушсуздун айынан болууда, мамлекетинде жумуш жок , айлык аз. Толомдорун баары кымбат, элге шылтабагыла

  • @talantbekasanbekov8502
    @talantbekasanbekov8502 День назад

    Убагы келгенде жоска жооп бересинерго тарыхта

  • @samatbek65
    @samatbek65 День назад

    Болбойт бул закон

  • @ТаалайбекБазаркулов-ъ5ю

    Акылдуу сезет озун бирок менин байкашымча такыр акылыжоктойго

  • @ЖалынбекКОЖОГЕЛДИЕВ

    ТОНКОРУЛУШ КО ДААГЫ БИР КАДАМ ДЕГЕН МЫЙЗАМ БОЛУП ЖАТЫПТЫРГО😂

  • @user-ko2xt8gx1r
    @user-ko2xt8gx1r День назад

    Кыргыздын баран эле судимый кылатго,афкристерге мыйзамды оорурак кылсанар жакшы болмок элдин баран жакыр кылмай болду.

  • @Бактыбекырыстай
    @Бактыбекырыстай День назад +2

    Тезден согунуп алгыла кабыл алынса наак болот

  • @ГуляДжапаркулова-я7ш

    МАДУМАРОВДУ сагызган деген доканца фейктер качан камалат анда

  • @user-pd4kv7cc7m
    @user-pd4kv7cc7m День назад +1

    тура еле жазат

  • @Гаррипоттер-г1к
    @Гаррипоттер-г1к День назад +2

    Бул жон эле диктатура алып барат

  • @user-hv8fl4ch1d
    @user-hv8fl4ch1d День назад +3

    Бред какой-то

  • @ЭрнурБолокбаев-ь2ь

    болбогон нерсеге убара болбочу наксут

  • @user-pd4kv7cc7m
    @user-pd4kv7cc7m День назад

    ушуга окшогон кок мелер башка иш кыларга иши жок бекен

  • @zhumamidinzholdoshov9153
    @zhumamidinzholdoshov9153 День назад

    Бауржан арыз жазат экен да эми э?😁

  • @UlanNurseitov
    @UlanNurseitov День назад

    Ии койгулачы штафынарды наборот азайтсанар боло

  • @Ghjjklrkb
    @Ghjjklrkb День назад

    Миң баш чогулуп алып бир баш кыла тургандай эмессиңер 😂

  • @user-zz9qv4xw6t
    @user-zz9qv4xw6t День назад +1

    Эмоцияны башкара билишибиз керекго

  • @ХонойимГайратжонкизи

    Интернет тармактарын катуу көзөмөлдөө керек, жаштардын психикалык жактан бузуп жатат. Интернеттен баары жокту көрүп жатышат.

  • @Fatima-bs8fm
    @Fatima-bs8fm 14 часов назад

    🤔😶

  • @user-zz9qv4xw6t
    @user-zz9qv4xw6t День назад +1

    Туура мыйзам

  • @ЭлмираАбылова
    @ЭлмираАбылова День назад

    Кайсы мыйзамда баш кесмей бар????

  • @user-tg2ex1mx8h
    @user-tg2ex1mx8h День назад

    😂😂😂😂ушулда депутатпы тоок мее экен уятко озун денгелин корсотту😂😂😂

    • @supersu007
      @supersu007 День назад +1

      Сөздүн маанисине түшүнө албасаң көк мээ байкуш так өзүңсүң.

    • @Кычкыл
      @Кычкыл День назад

      доканца! тоо мээ болот кыргызча. Денгел эмес деңгээл болот. Мал ээсин тартпаса арам өлөт деген ушу сабатсыз кемчонтой

  • @dokialmazbekov4434
    @dokialmazbekov4434 День назад +6

    Бул мыйзамдын максаты оозуңарды жалпыңар жапкыла деген маани