КЫРГЫЗСТАН🎯 5 сом 🇰🇬 Кимдин атында❓ Билип ал💡
HTML-код
- Опубликовано: 19 сен 2024
- Бүбүсара Бейшеналиева - (17-май, 1926-жылы, Воронцовка айылы, Кыргыз АССРи - 10-май 1973-жыл, Фрунзе, Кыргыз ССРи) - кыргыз совет балеринасы, бийчи жана окутуучу. СССР Эл артисти (1958). Кыргызстандын биринчи балеринасы болгон.
Өмүр баяны
Бүбүсара Бейшеналиева - атактуу балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири.
1936-41-ж. Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган.
1941-жылы Кыргыз мамлекетинде
опера жана балет театрынын солисти.
1949-жылдан Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын педагогу. Сахнада В. Ференин “Селкинчек” (1943, балетмейстер Л. М. Крамеревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен зор бийчилик жөндөмү, профессионалдык даярдыгы бар экенин көрсөткөн .
Ал катышкан “Чолпон” балет-фильми дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө коюлган.
Бий өнөрүндө көптөгөн образдарды жараткан.
Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958).
СССР Жогорку Советинин (1962-70), Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1955-62).
Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты(1970).
Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.