Кыргызстандагы Интерньюс. "Билим Айтыш" долбоору жөнүндө

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 3 дек 2024
  • #BilimAitysh #internewskg #kyrgyzstan
    «Медиа-К» долбоору төкмө акындар аркылуу медиасабаттуулукту жайылтууну жана алардын онлайн-аудиториясын өстүрүү үчүн аларды жаңы медиаларга үйрөтүүнү көздөгөн пилоттук программаны ишке ашыра баштаган.
    Программада окутуу, эксперттик, техникалык колдоо, ошондой эле контент өндүрүү үчүн стипендия берүү, коомдук тармактарда сынакты уюштуруу жана төкмө акындардын жыйынтыкоочу айтышын өткөрүү каралган болчу.
    Долбоор жаңыртылган форматта үчүнчү жыл катары менен иш жүзүнө ашырылып жатат. Төкмө акындар чыгармаларында коомдук маанидеги темаларды, алардын ичинде гендердик теңдик, үй-булөдөгү зордук-зомбулук, табигатка аяр мамиле, жаштарды адеп-ахлактык баалуулуктарда тарбиялоо маселелерин көтөрүп келишет.
    2023-жылы Улуттук «Манас» театрынан манасчылардын тобу Кыргызстандагы Интерньюска кайрылышкандан кийин аларга мобилография, чыгармачылыгын коомдук тармактарда жайылтуу боюнча окутуулар өткөрүлө баштады.
    Алардын суранычынын негизги маңызы - «Манаста» камтылган маанилүү жалпы адамзаттык баалуулуктарды, идеяларды заманбап аудиториянын бардык өкүлдөрүнө, биринчи кезекте, жаштарга жеткирүү болчу.

Комментарии •