#өмүр
HTML-код
- Опубликовано: 19 ноя 2021
- Сөзү: Мелис Маматжанов
Обону: Түмөнбай Колдошов
Токто өмүр, токто кайда шашасың,
Топук кылчы бул жолду да басасың.
Жүгөнүңдү тартып турчу азыраак,
Жок дегенде апам узак жашасын.
Өмүр өзүң тосмосу жок кашаасың,
Өргө карай канча белди ашасың.
Жип, аркандап тушап турчу туягың,
Жок дегенде атам узак жашасын.
Ээктен ылдый кулап түшкөн жаш таза,
Эх, балалык өттүң менден таптаза.
Мейман болуп өтөөрүмө өкүнбөйм,
Менин ырым менден узак жашаса.
инстаграм; ruslanov_ma... - Видеоклипы
АзаматсынКошконун менен бактылуу бол Унуно береке
Эс алыып угатурган ырларды ырдайт экен
Мыкты бактылуу болгула эми тааныдым мен дагы
Алга
Эх ата-энелер коп жашасын 🙏🏻
Молодец уком Алга Алга
Окрундой бер досум Аллахым колдосун ийгилик ырларын сонун чыгыптыр аман бол бар бол досум
Ай баракелде досум
Молодец досум унуно береке
👍👍👍👍