Баткендеги айылда ашар жолу менен салынган спорт зал ачылды

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 12 май 2024
  • 13-майда Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 3 млн сомго салынган спорт зал пайдаланууга берилди.
    Ал 2021-жылы элдин демилгеси менен ашар жолу менен курула баштаган. Алгач жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан 600 миң сом каралып, бетондоо иштери бүткөн. Бирок акча каражатынын жетишсиздигинен курулуш токтоп калган. 2023-жылы акчалар бөлүнүп, курулушу улантылган.
    Буга чейин айылда спорт зал жок болчу.

Комментарии •