Найман айылындагы орто мектептин ачылышы

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 10 фев 2024
  • 🔈🔈🔈 2024-жылдын 8-февралында Ош облусунун Ноокат районунун Найман айылындагы орто мектептин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
    ❗️ Бул социалдык объект АРИС жана КР Министрлер Кабинети тарабынан SECO колдоосу астында ишке ашырылып жаткан “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында модернизацияланган.
    🔹 Комплекстүү модернизациялоонун жүрүшүндө энергонатыйжалуулукту жогорулатуу боюнча жумуштар жасалды. Жылуулоо жакшыртылды, имараттын сейсмикалык туруктуулугу күчтөндүрүлдү, эски терезе жана эшиктер энергияны үнөмдөөчү түрлөрүнө алмаштырылды, жылуулук системасы жаңыланды, электрокерамикалык батареялар орнотулду, электр чубалгылары толугу менен жаңыланды, энергонатыйжалуу жарыкдиоддук чырактар орнотулду, ошондой эле имараттын желдетүү системасы жакшыртылды.
    🔹 Жүргүзүлгөн модернизациялоонун маанилүү артыкчылыктарынын бири электр энергиясын 30-40% деңгээлинде үнөмдөө болуп саналат.
    🌐АРИСтин расмий сайты ⬇️
    #БИЗБИРГЕБИЗ
    #АРИСКЫРГЫЗСТАН

Комментарии • 1

  • @Tano-ye9my
    @Tano-ye9my 3 месяца назад +1

    Куттуктайбыз!
    АРИСке рахмат.