ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА «КӨЗДӨР. КӨЗДӨР! КӨЗДӨР?» |ЭССЕ |

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 19 дек 2023
  • Муңдуу көз
    Кыш мезгили. Он алты жашта болсом керек. Апам мектепте жүргөндө апамды издеп, бир аял үйгө келди. Ысымын, эмне үчүн келгенин айтпай эле кайра кетип калды. Кечинде апам келгенде бир аял издеп келгенин айттым. Ким келгенин билиш үчүн бою-башынан, салынган жоолугунан, кийген чапанынан, чачынан бери такып сурады. Алары эсимде калбаптыр, мукактанып айтып бере алган жокмун.
    - Көздөрү муңдуу аял экен… - деп аягында кыска гана жооп бердим.
    Апам “көздөрү муңдуу” таанышын эч эстей албай койду…
    Үйлөрдүн “көздөрү”
    Үйлөрдүн да көздөрү бар, көздөрү - терезелер деп божомолдой берем. Үйлөрдүн ичинде ар кандай тагдырлар, өмүрлөр жашайт. Бирок баарынын көңүлдөрү - терезедеги айнекке окшош тунук жана назик… Бирде ачылат, бирде жабылат. Кээде булганат, кээде тазаланат. Ысыктын ысыгына, сууктун суугуна чыдайт. Таш, ок, мөндүр тийсе гана сынып калат…
    #аудиокитеп #кыргызча #чыгарма #аңгеме #укмакитеп #сүйүү #жашоо #бакыт #өмүр #пайда #сооп # китеп #билим

Комментарии • 3

  • @AizhanatChildebaeva
    @AizhanatChildebaeva 6 месяцев назад +1

    Чыгармачылык ийгилик каалайм. Авторго жана ютубга көркөмдөп койгон эжеге ырахмат. Дагы окуй бериңиз. Күтүп угабыз.

  • @TV-be6nc
    @TV-be6nc 6 месяцев назад +1

    Венера эженин мыкты ангемелеринин бири.Окуганда терен тушунуп окусаныз мындан да жакшы болмок.Суроттор да дал келбей калыптыр.

  • @user-dl4tq1di1s
    @user-dl4tq1di1s 5 месяцев назад

    💚💛🧡💚🧡💚💛🧡👍