Стамбулду тыңшаймын . Жазган: Орхан Вели Канык. Которгон: Чыныбай Турсунбеков

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 5 апр 2024
  • Стамбулду тыңшаймын, көздөрүмдү жумуп алып:
    Алды жактан сыдырым жел согот аста,
    Аста-аста кыймылдашат
    Жалбырактар бак-даракта.
    Алыстарда, тээ алыста
    Суу саткандар эч тынбастан коңгуроо кагып,
    Стамбулду тыңшаймын, көздөрүм жумуп алып.
    Стамбулду тыңшаймын, көздөрүм жумуп алып:
    Куштар өтүп баратышып,
    Тээ бийиктен топ-топ болуп, кыйкуулашып,
    Балыкчылар жүрүшөт торун тартып,
    Бир аял турат бутун сууга малып,
    Стамбулду тыңшаймын, көздөрүм жумуп алып.
    Стамбулду тыңшаймын, көздөрүм жумуп алып:
    Бираз үнсүз Капалы-Чарчы,
    Кыжы-кыйма Махмутпаша,
    Көгүчкөн көп короо жакта.
    Буксир үнү угулат док тарапта,
    Жаздын мээлүн желинде ар тердин жыты калып,
    Стамбулду тыңшаймын, көздөрүм жумуп алып.
    Стамбулду тыңшаймын, көздөрүм жумуп алып:
    Башымда байыркы дүйнөнүн масканасы,
    Эски кайык жайлары, бир жазгы үй
    Бугуп калган шамал үнүн угуп алып.
    Стамбулду тыңшаймын, көздөрүм жумуп алып.
    Стамбулду тыңшаймын, көздөрүм жумуп алып:
    Бир ойсоке баратат тратуарда
    Толгон ыр-күү, кажы-кужу, тамашага.
    Бир нерсеси колунан түштү жерге:
    Розага кандай айып!
    Стамбулду тыңшаймын, көздөрүм жумуп алып.
    Стамбулду тыңшаймын, көздөрүм жумуп алып:
    Бир чымчык дирилдейт тээ төмөндө.
    Билемин, ысыгын же жогун мен чекеңин,
    Билемин, нымдуу бекен же жокпу эриндериң.
    Күмүш бир ай чыгууда мистенин аркасынан
    Түшүнөм жүрөгүнүн кагышынан,
    Стамбулду тыңшаймын…Стамбулду тыңшаймын, көздөрүмдү жумуп алып:

    Стамбулду тыңшаймын…

Комментарии • 1