Ар бир жаран өз менчигине кол тийгис укугуна ээ! 2-бөлүк

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 9 фев 2025
  • Ош шаарынын Ленина көчөсүнүн (“Тешик таш” базар аймагындагы) 34 үй, анда жашаган 140ка жакын жаран үйсүз, көчөдө калуу коркунучунда турат.
    Жеке ишкер Нуркул Шырдаков 2019 жылы Ош шаарынын сотуна кайрылган.
    Анын айтымында 2,4 ГА жерди 1989 жылы жергиликтүү бийликтен пайдаланууга алган.
    Документке таянсак: эки тараптын тең Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексинин 6,8 беренелеринде жана Жер кодексинин 29,30,33 беренелеринде көрсөтүлгөндөй документтери бар, бирок тургундардын документтери жеке менчикке мамлекеттик каттодон өткөн, ал эми Н. Шырдаковтун документтерин жерге болгон менчигин азыркы күнгө чейин эч ким асыл нускасын көрө элек.
    Маалыматка ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду 1988 жылы
    Н. Шырдаковко курулуп бүтпөгөн Универмаг имаратын сатат 6 мин 500 кв метр, ошол Универмагтын айланасындагы 2,4 ГАны бекитип берет жергиликтүү бийлик, жарандар жашап жатканына карабай.
    Ушул чечим менен 34 үй бүлөнүн үйлөрүн башка жака көчүрүү боюнча буюртма берилет. Бирок, Н. Шырдаков Универмаг курам деген милдеттенмесин аткарбай,
    6 миң 500 кв метр Универмагтын ордун менчик базарга айлантып иштетип келгендиги үчүн, жарандар башка жака көчүрүлбөй, үйлөрү өз ордунда калат.
    #интербилимош #закон #сот #турак-жай #укуг #жекеменчик

Комментарии •