Урмат Усенов - Менин асыл жерим
HTML-код
- Опубликовано: 29 сен 2024
- Урмат Усенов - Менин асыл жерим
Көз ачып алгач, жуткам демиңди,
Көкүрөк толуп.
Түбөлүк танбас, туткам дилиңди,
Үмүтүң болуп.
Кадам шилтеп элдин жүгүн артынып,
Мен аптыгып.
Жылдар жылып, максат угам артылып,
Мен талпынып.
Кайырма:
Канымдан азык кылып берем мекеним,
Каруудан казык кылып келем эл жерим.
Койнунда Ала-Тоонун бактым сеземин,
Улуу элим.
Дүйнөнү бүтүн берсин, сага теңебейм,
Мекеним мээрим төгөт мага энедей.
Эмгегим арнай берем сага ченебей,
Менин жерим.
Тарыхта калган, же жети балбан,
Жоодон жалтанбай.
Жылдыздай жанган, кыздары таңдан,
Супа салгандай.
Кең пейил эл берекеси агылган,
Ыр жаңырган.
Артык көрөм ал элимди баарынан,
Мен жанымдан.
Кайырма
Кайырма
Керек болсо берем сага жанымды...
Бааланбай жургон ыр. Ото маныздуу.
Осөбер Кыргыз Элим! Кудай буюрса Аллахтын калоосу менен өнүгөбуз өсөбүз !!! Публ/кылган карындашыма ийгилик!
Аябай патриоттук сезимди ойгото турган ыр
ЭХ УРМАТ СОНУН ЫР ЭХ НОСТАЛЬГИЯ 💪💪✊✊👍👍👍🎼🎤🎵
Мыкты ыр болуптур 👍👍👍чыныгы патриот сезимди ойготот экен💪💪💪
Урмат Иним бул ыр, Кыргыз Элимдин сыймыгы!
super
2021
супер манызы бар
Эн сонун клип, ыр жана аткаруучу