Биринчи катка жолдогон, Сиз жактан жооп болбогон. Кейитип кээде укчумун, Болду деп бала оңбогон. Абийирин төгүп эл-журтка, Келгин деп мени зордогон. Кеткенсиң үзүп куйрукту, Танбастан ошол жоргоңдон. Отуз жыл өттү арадан, Сен жоксуң бизге караган. Арагың менен аялдар, Артык деп жүрдүң баладан. Сабылып ыйлап кат жазган, Сагынычым эбак тараган. Алпештеп бизди апабыз, Адамзат кылды жараган. Кырк үчкө келди курагым, Бишкекте ишим, турагым. Үй-бүлө, алты баланын, Атасы болгон убагым. Апама эптеп тээк болуп, Бир топ жыл руль бурадым. «Абалың кандай, уулум?» деп, Бир жолу качан сурадың? Атасыз күнүм шор болуп, Атасыз калсам кор болуп. Тарбия көрбөй атадан, Түшүшчү жерим шор болуп. Жашоом бүтүп калчудай, Жашычу элем шорлонуп. Карындаш-боорду багам деп, Чоңойдум колум чор болуп. Унутпай элиңди, Аракка коюп дээриңди. Көк терек сүзүп жүрчү дейт, Таба албай түнөр жериңди. Кечир деп келдиң, ай болду, Жаланып кургак эрдиңди. Чым-Коргон менен ЛТП, Чыгарган экен желиңди. Какыйган шымдын кыры жок, Сыр аяк келди, сыны жок. Баштагы чалпоо, көп-көлөң, Бакылдап сөккөн чыры жок. Калтырак баскан чал келди, Кармоого кашык ыгы жок. Канчалык атам десем да, Каалоом сага, чыны, жок. Өткөнүм болду ката деп, Өзүңө берем бата деп. Өлтүрсөң-койсоң өз эркиң, Корооңдо жата берем деп. Өлүмтүк артып келипсиң, Аракка койбойм сата деп. Канчалык оозум таптаймын, Айта албай койдум атоо деп. «Эсирчү кезди эсирди, Башында үйдү кесирди. Каналда өлсө каңкайып, Карайтат элге бетиңди». Күн-түнү тынбай шыбырап, Айламды апам кетирди. Кыз алган жарың ал шордуу, Кыялбай турган шекилди. Басалбай бутуң алыска, Жарабай оокат табышка. Оозуңда бир да тишиң жок, Болупсуң ноокас абышка. Көп кесел билип диниңди, Түшкөндөй баары жарышка. Жаткырдык ооруканага, Жаныңды алып калышка. Кагылып ыйлап кат жазып, Келет деп кыял ээлеген. Жылыбайт такыр сезимим, Жаш кеткен өңдүү денемден. Ой-санаам койду кутулбай, Отуз жыл деген середен. Кат алып келет аш менен, Он үчкө чыккан неберем.
Эх кандай жагымдуу голос эн соонун
Жаткан жерин жайлуу болсун аллахым бейишинен оорун берсин😢😢😢
Ушундай ырларды көбүрөөк ырдагыла тарбиялык мааниси зор

Башыбызга тушуп калдыгоо
Убагында ото жакшы корот элем ушул ырды
Голос супер
💪💪🤝👍👍👍🤣🤣🤣🤣😄😄😄
Ырдачы эй үндү кара
😢😢😢
Жаткан жерин жайлуу болуп, Аллахым бейишинен жай берсин.Сенин булбулдай болгон унун ар дайым элдин эсинде
Жаткан жерин жайлуу болсун иним. Бейиштен берсин АЛЛАХым
Ишене албай турам😭😭😭 чындап сенден ажырап калдыкпы бул жашоо калысы жок😭😭
Жаткан жерин жайлуу Болсун досум😢
Кайран бир тууганым
Эх чиркин дуйно аллахым бейишинен насип кылсын оомийин. Чолпонбек арабыздан кетип калдын канырыгыбыз тутоп турат 😢😢😢😢😢😢
Жаткан жери жайлуу болсуун😢
😢
Аттиң дүйнө жаш кеттиң балам жаның.бейиштик. болсун.
Бали бали
Красавчик без панаграма чон артист богудайсын ийгилик
.чолпонбек.аткаруун.эн..сонун.эч.качан..унун.очпой.коптогон.дастандарды..сахнага..алып.чыгып..аткарып.элдин..алкышына..ээ,болуп журо..бер
Мала дем😍
Моладсь
Журок ыйоайтго бул жигит кайдан дагы ырлары барбы билгендер малымат берип койкнуздарчы, мына чыныгы эл артисти азамат, дагы коб ырлар кутобуз сенден.
Азамат 👍👍👍
Талантыносуп онугобер Аллах колдосун
Аллахым эми оз рахматына алсын😢
Баракелди
Эми атанын арманын 43жаштагы балага чыгарыш керек маминный сынок экенсин сен атанын калып каарына депчи
Азаматсын! Ийгилик сага иним!
Молодец таланттына таазим.
Азаматсыз сонун ырдапсыз азыр коп эркектер балдарын карабай койгон башка аялга алмаштырып кийин окунушотго
🤔🤔🤔🤔🤔🤔🤔👍👍👍👍👍👍
Ай молодец үнгө сөз жок
🤔😥😥
жашообуз окшош экен эч окунбо баарыбыздын ырыскыбыз бар экен эл ичинде эл болуп журобуз
Эң сонун аткаруу 👍👍👍
Чыныгы талант
Азаматсын
Еркексин алга жигит
Малодец
💯💯💯💯👍👍👍👍👍
👍
Аттин школдо дастанды коп ырдап журуп энемди 46 жашында жутуп алдым жалан арман ырдачы элем
Ыр эмес бекен
Эх журокту эзетко чиркин
👍👍👍
Молодец чолпонбек кайра кайра угуп тажабадым онорун оркундой берсин
Тушунбодум,
Молодец эн сонун
Красавчик родной унуно береке